БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Жамааттык коопсуздук системасына терс таасирин тийгизген дээрлик бардык факторлор курчуду. Бул тууралуу Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Алматыда өтүп жаткан ЖККУ өлкөлөрүнүн Коопсуздук кеңешинин катчыларынын комитетинин кезектеги жыйынында билдирди.
Ал белгилегендей, сегиз жылдын ичинде курчуган кырдаал учурда өзөктүк жаңжал коркунучун жаратып отурат.
"Террористтик аракеттерге каршы туруу жаатындагы абал өтө кооптуу бойдон калууда. Эл аралык террористтик уюмдар ар кандай бандалардан уюшкан тармактык структураларга айланып, мамлекеттерге кысым көрсөтүү үчүн прокси-күч катары колдонулат", — деди ал.
Айтымында, ЖККУнун бекитилген документтеринде белгиленген зарыл чараларды өз убагында, жоопкерчиликтүү жана биргелешип ишке ашыруу коркунучтардын таасирине эффективдүү жооп болмокчу.
Коопсуздук кеңешинин катчыларынын комитети ЖККУнун улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жаатында уюмга мүчө мамлекеттердин өз ара кызматташуусун координациялоо маселелери боюнча консультативдик-аткаруучу орган болуп саналат.