Путин: Газадагы кырдаал согушка окшош эмес, бул элди кырууга жатат

Өлкө лидери Россия Газа тилкесиндеги абалды жөнгө салуу процессине таасир этүү үчүн аракет кылып жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Газа тилкесиндеги абал согушка окшобойт, бул жарандык калкты толугу менен жок кылууга жатат. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Санкт-Петербургдагы эл аралык экономикалык форумда массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушууда айтты.
“Израилдеги террордук чабуулга жооп катары азыр Газада болуп жаткан окуялар согушка анча окшошпойт. Бул жарандык коомду толугу менен жок кылууга жатат”, - деди Путин.
Ал Газа боюнча Россиянын позициясы өзгөрбөгөнүн белгиледи.
“Биз Палестина мамлекетин совет доорунан бери эле тааныганбыз. Бул жагынан алганда позициябыз өзгөргөн жок”, - деди Путин.
Өлкө лидери Россия Газа тилкесиндеги абалды жөнгө салуу процессине таасир этүү үчүн аракет кылып жатканын белгиледи.

“Биз Газа тилкесиндеги жаңжалды жөнгө салууга аракет кылуудабыз, анын ичинде гуманитардык аспект дагы бар”, - деди президент.

РФ лидери белгилегендей, эң негизги саясий маселе – бул эки мамлекетти түзүү: Палестина жана еврей мамлекети.
АКШ Израилге токтоосуз курал берүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды