Бишкектин мурдагы вице-мэри Максатбек Сазыкуловдун бөгөт чарасы өзгөртүлдү

Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Бишкектин мурунку вице-мэри Максатбек Сазыкулов эч жакка чыкпоо жөнүндө тил каттын негизинде кое берилди. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сот УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырган.
Эске салсак, УКМК Сазыкуловду апрелдин ортосунда мыйзамсыз курулган коммерциялык объектилерди калкалаган деп кармаган. Кийин анын бөгөт чарасы тандалып, бир айга, тагыраагы, 11-майга чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Бишкек мэри орун басарынын кармалышы боюнча комментарий берди