Башкы прокуратуранын 100 жылдыгына карата сынак жарыяланды. Шарттары

Сынакка катышууну каалагандар документтерин 1-октябрга чейин тапшыруусу зарыл.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Башкы прокуратура "Кыргыз Республикасынын прокуратурасына 100 жыл: тарых жана азыркы заман" деген темада мыкты сүрөт, видео жана эссеге сынак жарыялады.
Шарт боюнча, конкурска 14 жаштан 35 жашка чейинки кыргызстандыктар (жеке адамдар же чыгармачыл топтор) катыша алат. Ал үчүн 2024-жылдын 1-октябрына чейин аймактык прокуратура органдарына сынактык иштерди тапшыруу зарыл.
Толук маалыматты прокуратуранын төмөнкү бөлүмдөрүнөн алуууга болот:
Ленин районунун прокуратурасы: Үмөталиев көчөсү, 7, телефон номери: 0312 35-27-60;
Свердлов районунун прокуратурасы: Токтогул көчөсү, 47б, телефон номери: 0312 48-65-64;
Биринчи май районунун прокуратурасы: Панфилов көчөсү, 175, телефон номери: 0312 62-12-48, (558) 66-60-81;
Октябрь районунун прокуратурасы: Тыныстанов көчөсү, 6а, телефон номери: 0312 54-82-04.
Жеңүүчүлөр баалуу сыйлыктар менен сыйланат.
ЖКККББ кызматка кабыл алуу үчүн сынак жарыялады. Талаптары