Жайкысын унаада кайсы буюмдарды калтырган кооптуу? Адистин эскертүүсү

От тутандыргыч, аккумуляторлук батарея, пауэрбанк жана телефон үчүн максималдуу температура 23-25 градус.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Интеграцияланган коопсуздук системалары долбоорунун жетекчиси Сергей Победоносцев Sputnik радиосуна курган маегинде жайкысын унаада калган кандай буюмдар өрттүн чыгышына себеп болорун айтып берди.
Адистин айтымында, күн ысыкта унаанын терезелери жабылып, кондиционер иштебей турса анын ичиндеги абанын температурасы 50-60 градуска жетиши мүмкүн.
"От тутандыргыч, аккумуляторлук батарея, пауэрбанк жана телефон үчүн максималдуу температура 23-25 градус. Эгерде абанын температурасы мындан жогору болсо аталган буюмдар ысыйт, ысыганда химиялык реакция жүрүп, ал өрттүн келип чыгышын шартташы мүмкүн. Мисалы, пауэрбанк катуу жарыла турган суутекти бөлүп чыгарат. Андыктан ал унаада калса өрт эле эмес, жарылуу да болушу ыктымал. Мындай абал аккумулятордук батареяларга да тиешелүү", – деген Сергей Победоносцев.
Ал газ толтурулган бардык контейнерлер да кооптуу экенин белгилеген.
"Басым менен толтурулган бардык буюмдар жайкысын унаанын ичинде калса кооптуу абалды туудурат. Анын ичинде дезодорант, аба тазалоочу заттар да бар. Андай баллондордо оңой күйүүчү азот кычкылы болот, ысыганда газ кеңейип отуруп, жука алюминийден жасалган баллон жарылат. Бул абдан кооптуу", – деген ал.
Мындай буюмдарды текчеде, күн түз тийген жерлерге калтырганга болбойт. Желим бөтөлкөлөрдү да көлөкө жерге коюу сунушталат.
"Суу толтурулган бөтөлкө күн тийген текчеде калганда суу нурду бир эле жерге тартып турат. Ошол чекиттеги температура анын жанындагы буюмдар үчүн чектен ашкан температурага жетсе учкундан улам өрт чыгышы мүмкүн", – деп эскерткен Победоносцев.
Терапевт унаа башкарып баратып уйкусу келгендерге кеңеш берди