Новиков Петербургда РКӨФ кыргыз-орус алакасына кандай салым кошконун айтты

Артем Новиков ал жетектеген фонд учурда жеңилдетилген насыя гана бербестен, долбоорлорду талдоо, изилдөө, коштоо боюнча ишкерлерге көмөктөшөрүн белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы товар алмашуунун 15 пайызга чукулу РКӨФ каржылаган компанияларга туура келет. Бул тууралуу аталган фонддун төрагасы Артем Новиков билдирди.
Ал Петербург эл аралык экономикалык форумунун (ПЭЭФ) алкагында уюштурулган "Кыргызстан — Россия" бизнес-баарлашууга катышкан.
1 / 3

Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы товар алмашуунун 15 пайызга чукулу РКӨФ каржылаган компанияларга туура келет. Бул тууралуу аталган фонддун төрагасы Артем Новиков билдирди

2 / 3

Ал Петербург эл аралык экономикалык форумунун (ПЭЭФ) алкагында уюштурулган "Кыргызстан — Россия" бизнес-баарлашууга катышкан

3 / 3

Новиковдун айтымында, фонд учурда жеңилдетилген насыя гана бербестен, долбоорлорду талдоо, изилдөө, коштоо боюнча да ишкерлерге көмөктөшүүдө

Новиковдун айтымында, фонд учурда жеңилдетилген насыя гана бербестен, долбоорлорду талдоо, изилдөө, коштоо боюнча да ишкерлерге көмөктөшүүдө.
"РКӨФтүн иш алып барганына тогуз жылдын жүзү болду. Башында фонд Кыргызстандын экономикасында азыркыдай орунду ээлээрин эч ким ойлобосо керек. Азыркы тапта Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы товар алмашуунун 15 пайызга чукулу РКӨФ тарабынан каржыланган компанияларга туура келет. 2023-жылдын жыйынтыгы менен өлкөнүн жалпы банк секторунун капиталынын 43 пайызы фонддун үлүшүнө туура келди. Ал эми фонддон кардарларынын кирешеси өлкө ИДПсынын 10 пайызын түздү", — деди Новиков.
Ошондой эле ал фонд ишкерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даярдыгын айтып, кызматташууга чакырды.
Петербург эл аралык экономикалык форумунун биринчи күнү кандай өттү