Жай мезгили туризм жана эс алуунун убагы. Муну менен катар өрт кырсыктары көп катталган учур. Жайды утурлай тилсиз жоодон кантип сактануу зарыл, көңүлдүү эс алууну кайгылуу окуяга айлантып албоо үчүн кандай чараларды көрүү керек? Тоого же талаага эс алганы чыкканда кандай эрежелерди кармануу зарыл? Муну менен катар учурда Кыргызстандын өрт өчүрүү кызматынын, куткаруучулардын даярдыгы, алардын техникаларынын абалы кандай?
Мына ушул суроолорго ӨКМнын Чүйдөгү башкармалыгынын кызматкери Адылбек Муратбек уулу жооп берди.