Радио

Адылова: балдар аралашкан кылмыштарга коомдун кайдыгерлиги да себеп

ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматы башкармалыгынын балдар иштери жана көзөмөлдөө боюнча бөлүм башчысы Нуржан Адылова акыркы төрт айдын ичинде балдар арасындагы кылмыштуулук өскөнүн айтты.
Sputnik
Балдар арасындагы кылмыштуулукту алдын алууда жана анын санын кыскартууда милицияга коомчулук жардам бериши керек. Мындай пикирин Нуржан Адылова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө кылмыштардын саны элдин же кээ бир субъектилердин кайдыгер мамилесинен улам көбөйүүдө.
"Биз кылмыштуулукту алдын алууда профилактикалык иш-чараларды өткөрүп турабыз. Ошондой эле өспүрүм балдарды кароосуз калтырбоо үчүн мектептен тышкары да түрдүү ийримдер уюштурулат. Анткени баарыбызга белгилүү болгондой, кыларга жумушу жок бала туура эмес жолго барып же кылмыш чөйрөсүнө аралашып кетиши мүмкүн. Бүгүнкү күндө балдар катышкан көптөгөн кылмыштарга элдин кайдыгерлиги да себеп болууда. Бул маселеде социалдык кызматкерлердин жетишсиздиги өкүндүрөт. Себеби өспүрүм жоголуп кетип табылганда аны милиция кызматкери өзү менен кошо үч сааттан ашык алып жүрө албайт. Ошол учурда биз социалдык кызматкерлерге муктаж болобуз, аларга болсо күнү-түнү иштөө режими каралган эмес. Андыктан балдардын кылмыш, кырсыкка аралашуусун азайтууда коомчулуктун да жигердүү аракети маанилүү", — деди Адылова.
Ал бүгүнкү күндө өспүрүмдөрдүн арасында өзүнө кол салуу фактылары да катталып жатканын маалымдап, алардын көбү эркек балдар экенин кошумчалады.