Автокырсыктарды алдын алуу боюнча эмне жасалууда? Жол милициясынын жообу

Республика боюнча 61 баннер жана 72 LED-экран орнотулган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Туристтик сезондун башталышына карата жолдордун кооптуу тилкелерине эреже бузбоого чакырган баннерлер орнотулууда. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан билдиришти.
"Айдоочулар бул билдирүүлөрдү көрүп, мындай нерселер алардын өмүрүн жана ден соолугун сактоо үчүн жасалып жатканын түшүнүшү керек. Бул билдирүүлөрдү таратуу менен адам өмүрүн сактап каларыңызды эскертебиз", — деп айтылат маалыматта.
Бүгүнкү күндө орнотулган баннерлер:
Бишкек шаары — ​​16 баннер;
Чүй облусу — 5 LED-экран;
Ысык-Көл облусу — 16 баннер;
Нарын облусу — 11 баннер, 4 LED-экран;
Талас облусу — 2 баннер, 1 LED-экран;
Жалал-Абад облусу — 7 баннер, 2 LED-экран;
Ош облусу — 12 баннер, 7 LED-экран;
Ош шаары — 46 LED-экран;
Баткен облусу – 1 LED-экран.
Казакстан Алматы менен Ысык-Көлдү бириктире турган жол курууга даяр