Жалал-Абаддын борбордук аянтын жаңыртууга 900 млн. сом жумшалат

Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Жалал-Абаддагы облустук администрация, мэриянын имараттары жана борбордук аянт жаңыртылат. Бул тууралуу маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылган.
Ага ылайык, курулушка 900 миллион сом сарптоо каралып жатат. Аталган иштерди 2025-жылдын июль айынын аягына чейин бүткөрүү пландалган.
Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад Кыргызстандагы эң үлгүлүү шаар болорун айткан.
Жалал-Абад шаарында 10 миң киши бата турчу мечит курулат