УКМК казакстандык миллионерге издөө жарыялады

Атайын кызмат 2021-жылдан 2023-жылга чейин Жуманбаевдин көрсөтмөсү менен алтын казган компаниянын кызматкерлери ай сайын Көлбаевге 1 миллион сомдон которуп турганын аныктаган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. "Вертекс голд" компаниясынын ээси, казакстандык ишкер Владимир Жуманбаев Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого шектелип, издөө жарыяланды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, "Братский круг" эл аралык кылмыштуу тобуна кирген Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун ишмердүүлүгүн Казакстандын ири ишкерлеринин бири Жуманбаев каржылап келгени тууралуу фактылар аныкталган.
"2021-жылдан 2023-жылга чейин алтын өндүрүүчү компаниянын кызматкерлери Жуманбаевдин көрсөтмөсү менен уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн каржылоо максатында Көлбаевге ай сайын бир миллион сомдон которуп турган", — деп айтылат маалыматта.
УКМК белгилегендей, "В.Г.К." ЖЧКсы тарабынан кирешелердин реалдуу көрсөткүчтөрүн жашыруу максатында Кыргызстандын мамлекеттик органдарына алтын кендерин казып алуу жөнүндө жалган отчеттук маалыматтар берилгени аныкталган. Мындан улам республикалык бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.
Чогултулган материалдардын негизинде Жуманбаевге карата Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун токтому менен сыртынан камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалып, кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн мамлекеттер аралык жана "Интерпол" улуттук борбордук бюросу тарабынан издөө жарыяланган.
Жуманбаевдин мүлкү Forbes-Kazakhstan журналынын маалыматы боюнча 365 миллион долларга бааланган.
УКМК: Көлбаевдин тууганы адам уурдоого шектелип кармалды