Ташкент — Чолпон-Ата каттамы боюнча автобустар жүрө баштайт

Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. 10-июндан тарта Ташкент шаарынан Ысык-Көлдү көздөй жайкы туристтик сезон учурунан улам автобустар каттай баштайт. Бул тууралуу Өзбекстандын Транспорт министрлиги билдирди.
Каттамды Uzautotrans Service жоопкерчилиги чектелген коому Ташкент — Чолпон-Ата маршруту менен ишке ашырып турары айтылды.
Yutong үлгүсүндөгү автобустар эки күндө бир каттайт. Алар Өзбекстандын борборундагы автобекеттен саат 15:00дө сапарга чыгат. Билет баасы 300 миң сумду (2 100 сомдун тегереги) түзмөкчү", — деп айтылат маалыматта.
Кошумча маалыматты Өзбекстандын Транспорт министрлигинен +998 71 207-87-02, +998 94 131-99-99, +998 88 666-15-15 номерлери аркылуу алса болот.
Казакстан Алматы менен Ысык-Көлдү бириктире турган жол курууга даяр