Кыргызстан — Малайзия. Ташиев улуттук курама менен жолугуп, ийгилик каалады

Эртең Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын курамасы Малайзия футболчулары менен беттешет.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Кыргыз футбол союзунун төрагасы Камчыбек Ташиев улуттук курама команданын оюнчулары менен жолукту. Бул тууралуу Футбол союзунан кабарлашты.
1 / 4

Кыргыз футбол союзунун төрагасы Камчыбек Ташиев улуттук курама команданын оюнчулары менен жолукту

2 / 4

Билдирмеге караганда, Ташиев футболчуларга дүйнө чемпионатынын кийинки раундуна өтүүнү каалаган

3 / 4

Белгилей кетсек, эртең Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын курамасы Малайзия менен беттешет

4 / 4

Бүгүн стадиондо расмий машыгуусу болгон

Билдирмеге караганда, Ташиев футболчуларга дүйнө чемпионатынын кийинки раундуна өтүүнү каалаган.

"Эртең баарыбызды абдан маанилүү оюн күтүп жатат. Сиздердин оюнуңуздар футбол сүйүүчүлөрүнө өлкөдөгү футболдун жаркын келечеги бар деген үмүттү берет. Азыр бардык өлкөнүн сиздерге көз салып турган кези. Андыктан эртеңки оюнда жеңишке жетип, Азия кубогунун жолдомосуна ээ болуп, дүйнө чемпионатынын кийинки раундуна өтөбүз деп үмүттөнөм", — деген союз төрагасы.

Белгилей кетсек, эртең Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын курамасы Малайзия менен беттешет. Бүгүн стадиондо расмий машыгуусу болгон.
Камчыбек Ташиевдин уулу футбол курама командасынын кеңейтилген курамына кирди