"Талибандын"* өкүлдөрү ПЭЭФке катышуу үчүн Петербургга барды

Бир күн мурда Россиянын Тышкы иштер министрлиги талибдер ПЭЭФке баруудан баш тартты деген маалыматты четке каккан.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Афганстандын "Талибан"* өкмөтүнүн эмгек министри башында турган делегация Петербург эл аралык экономикалык форумуна (ПЭЭФ) катышуу үчүн Санкт-Петербургга барды. Бул тууралуу РИА Новости Афганстандын Москвадагы элчилигине таянуу менен билдирди.
Бир күн мурда Россиянын Тышкы иштер министрлиги талибдер ПЭЭФке баруудан баш тартты деген маалыматты четке каккан.
Буга чейин Россия талибдерди БУУнун Коопсуздук кеңешинин санкциялык тизмесинен чыгарууну жактап, бул сунуш Кремлге жөнөтүлгөн. Чечим РФ президенти тарабынан кабыл алынат.
2021-жылдын август айынын башында талибдер Афган өкмөтүнүн күчтөрүнө каршы чабуулун күчөтүп, 15-августта Кабулга кирип, кийинки күнү согуш соңуна чыкканын жарыялашкан. Август айынын акыркы эки жумасында америкалык аскерлердин коргоосунда турган борбор калаадагы аэропорттон Батыш өлкөлөрүнүн жарандары жана алар менен кызматташкан афгандар массалык түрдө эвакуацияланган.
31-августка караган түнү америкалык аскерлер Кабулдун аэропортунан чыгып, Афганстандагы дээрлик 20 жылдык аскердик катышуусун токтоткон.
Ошол эле жылдын сентябрынын башында Афганстандын убактылуу өкмөтүнүн курамы жарыяланып, аны "Талибандын" биринчи башкаруусунда Тышкы иштер министрлигинин башчысы болуп иштеген жана 2001-жылдан бери БУУнун санкциялары астында турган Мохаммад Хасан Ахунд жетектеген.
Эске сала кетсек, ПЭЭФ 5-8-июнь аралыгында өтөт.
* Уюм террордук аракеттери үчүн БУУнун санкцияларында
Казакстан "Талибанды"* террористтик уюмдардын тизмесинен чыгарды