Сузакта желекти өрттөп, ордуна арабча жазылган кездеме илди делген кыздар кармалды

Тергөөнүн жүрүшүндө тыюу салынган экстремисттик топтун мүчөлөрү дагы аныкталып, кармалганы белгилүү болду.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Сузакта (Жалал-Абад облусу) желекти өрттөгөн окуя боюнча ишти тергөө учурунда аялдардын көмүскө диний-экстремисттик түйүнү аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Эске салсак, 30-майда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Бек-Абад айылында Кыргызстандын илинип турган мамлекеттик желектерин өрттөп, ордуна арабча жазуусу бар ак кездемени илип кетишкени кабарланган.
Окуя боюнча аталган айылдан 19 жаштагы А.к.М. жана 16 жаштагы А.Н. аттуу кыздар кармалган. Алар "Хизб-ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун мүчөлөрү болгону айтылды.
Шектүү А.к.М. 2022-жылы тыюу салынган уюмга кирген. Былтыр жазда Бек-Абад айылынан жаңы жактоочуларды тартуу иштерин жүргүзүп, күзүндө А.Н. аттуу кызды катарына жазгырган.
Тергөө учурунда А.к.М. аттуу жарандын кылмыштан кабардар болгон 45 жаштагы апасы, 29 жаштагы агасы А.у.А. кармалган. Алар дагы аталган уюмдун жактоочулары экени айтылды. Үй-бүлөнүн атасы Ш.А.Ш. мурда экстремисттик материалдарды сактагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылганы, учурда Россияда иштеп жатканы белгилүү болгон.
Мындан тышкары, А.к.М. аттуу кызга экстремисттик идеологияны үйрөткөн аялдар 44 жаштагы Б.М.Ш. жана 47 жаштагы У.З.С. да кармалган. Алар жашы жете электерге үйүндө "Хизб-ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун негиздерин жана идеяларын системалуу түрдө үйрөтүп, ошону менен алардын катарын Бек-Абад айылынын тургундарынын эсебинен толуктап турганы аныкталган.
Кармалгандарга тыюу салынган экстремисттик уюмга мүчө болуу, таратуу максатында экстремисттик адабияттарды сактагандыгы үчүн айып тагылууда. Ал эми желекти өрттөөнүн уюштуруучусуна мамлекеттик символиканы жок кылуу боюнча да айып тагылган. Баарысы камакка алынды.
УКМК Сузакта диний-экстремисттик уюмдун алты мүчөсүн кармады. Видео