Биринчи вице-премьер: КР менен РФтин соода жүгүртүүсү 3 млрд долларга жетти

Касымалиев Кыргызстандын министрлер кабинети Россия менен бардык багыттар боюнча тыгыз жана активдүү кызматташууга даяр экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун (СЭЭФ) алкагында "Кыргызстан – Россия" бизнес-диалогуна катышты.
Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, Касымалиев соңку жылдары эки өлкөнүн ортосундагы өз ара соода жүгүртүү жылына орточо эсеп менен 3 миллиард долларды түзөрүн билдирди.
"Бул көрсөткүчтөр эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгынын, анын ичинде аймактар аралык кызматташуунун натыйжасы болуп саналат. Биргелешкен күч-аракетибиздин аркасында Кыргызстандын экономикасына салынган россиялык түз инвестициялардын көлөмүндө оң динамика байкалууда", — деди ал.
Биринчи вице-премьер-министр Кыргызстандын министрлер кабинетинин Россия менен бардык багыттар боюнча тыгыз жана жигердүү кызматташууга, эки мамлекеттин өнүгүүсү үчүн тенденциялуу демилгелерди, туруктуу жана инновациялык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга даяр экендигин баса белгиледи.
Ал россиялык бизнес-чөйрөнү жакынкы арада Красноярск шаарында өтө турган 11-кыргыз-орус аймактар аралык конференцияга активдүү катышууга чакырды.
Мишустин: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасы дүйнөлүк орточо өсүү темпинен озду