Петербург эл аралык экономикалык форумунун биринчи күнү кандай өттү

Иш-чарага 136 мамлекеттен 20 миңге жакын конок келген. Анын ичинен үч миңдейи — ЖМК өкүлдөрү.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Санкт-Петербургда бүгүн Петербург эл аралык экономикалык форуму (ПЭЭФ) башталып, биринчи күнү жыйынтыкталды.
РИА Новости иш-чарага канча адам келип, кандай кызыктуу нерселер болгонун жана алдыда эмнелер күтүлүп жатканын тизмектеди.
Белгилей кетсек, эл аралык экономикалык форум үч күнгө, тагыраагы, 5-июндан 8-июнга чейин созулмакчы.
Иш-чарага 136 мамлекеттен 20 миңге жакын конок келген. Анын ичинен үч миңдейи — ЖМК өкүлдөрү;
Форумдун биринчи күнү конокторду тосуу, түрдүү көргөзмөлөр менен башталды. Ири компаниялар стенддерин коюп, Россияда чыгарылган автоунаалардын жаңы үлгүлөрү көрсөтүлдү;
Форумдун эл аралык программасына 10дон ашык бизнес-диалог кирет. Анын ичинде ЕАЭБ – АСЕАН, Россия – Африка, Россия – Латын Америкасы, Россия – Кытай, Россия – Түштүк Африка жана башка эки тараптуу жолугушуулар бар;
Кремль ишкерлик жаатта тең укуктуулукка негизделген кызматташуу ПЭЭФтин башкы идеясы экенин белгилейт;
Форум Россия экономикасына, дүйнөлүк тенденцияларга, технологияларга, заманбап мамлекеттин артыкчылыктарына арналган төрт тематикалык блокко бөлүнгөн;
Иш-чарага салт болуп калгандай Россиянын президенти Владимир Путин катышмакчы. Алдыда көптөгөн эл аралык келишимдер күтүлүүдө.
Россия лидери пленардык жыйынга катышат. Ошондой эле эл аралык журналисттер менен маек курарын маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди.
"Талибандын"* өкүлдөрү ПЭЭФке катышуу үчүн Петербургга барды