Жогорку Кеңеш баш прокурор Курманкул Зулушевдин отставкасын жактырды

Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңеш бүгүнкү пленардык жыйында баш прокурор Курманкул Зулушевдин отставкасын карап, анын кызматтан кетүүсүн бир добуштан колдошту.
Эми алар башкы прокурорлукка сунушталган Максат Асаналиевдин талапкерлигин карашы керек. Бул сунушту президент Садыр Жапаров киргизген.
Азыр Асаналиев Ош облусунун прокурору болуп иштеп жатат.
Свердлов РИИБин Уланбек Аалиев жетектейт. Кезинде пара талап кылды деп айыпталган