Ошто мончонун от казаны жарылып 7 адам жабыркады. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Ош шаарынын Кокумбий көчөсүнүдө жайгашкан "Байкөл" мончосунун от казаны жарылып, өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, саат 14:06да бир бөлүм тартылып, өрт ыкчам өчүрүлгөн.
"Кырсыктан 7 адам жабыркап, Тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилди", — деп жазылган маалыматта.
ӨКМ кошумча маалымат берүүнү убадалады.
Иштеп жатканда ток урган. Министрлик Дөң-Арыктагы трагедиянын чоо-жайын айтты