Пресс-борбор

Көп ата-энелердин трагедиясы. Министр Бейшеналиев эки жаңылык айтты

Жергиликтүү адистер жүлүндү алмаштыруу боюнча окуудан өтүштү. Учурда өзүнчө бөлүмдү оңдоп-түзөө иштери аяктап, кымбат баалуу жабдууларга буюртма кылынды, алар жакын арада түшөт.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Жакынкы айда Кыргызстанда жүлүндү алмаштыруу жана угууну калыбына келтирүүчү хирургиялык операциялар жасала баштайт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборундагы брифингде билдирди.
Ал кыргызстандык дарыгерлер Түркия менен Россиядан жүлүндү алмаштыруу боюнча окуп-үйрөнүп келгенин айтып берди. Учурда түптөлгөн өзүнчө бөлүмдү оңдоп-түзөө иштери аяктап, кымбат баалуу меджабдууларга буюртма жасалган, жакын арада келип калат.
"Жакынкы айларда жүлүндү алмаштыруу боюнча операцияларды баштайбыз. Дартка чалдыккан көп балдар ата-энеси операцияга акча чогултканга чейин эле чарчап калып жатышат. Бул — чоң трагедия. Андыктан президент тезинен бул операцияларды жасоого тапшырма берди", — деген министр.
Бейшеналиев кулактын угуусу боюнча көйгөйү болгондуктан көптөрдүн кохлеардык имплантацияга муктаж экендигин белгиледи. Министрлик менен келишим түзүлгөндүктөн буга чейин Катар менен Беларустан адистер аппараты менен келип, операция жасашкан.
Учурда отоларингология бөлүмүндө оңдоо иштери жүрүп, дарыгерлер Австрия менен Түркияга окууга жөнөтүлгөн. Жабдууларга буюртма берилген, бирок ага акча керек, андыктан демөөрчү изделип жатат. Министр жакында акча сурап президентке кайрыларын жана көп убакыт өткөрбөй эле кулакка операциялар жасалып калат деген ишенимин билдирген.
"Имплант койгондон кийин балдары алардын чакырганына реакция кылып, музыка угуп, бийлегенин көргөндө ата-энелер көзүнө жаш алат. Чүрпөсү сүйлөбөй, укпай, мектепке бара албай калгандар үчүн трагедия", — деп кошумчалаган Бейшеналиев.
Пресс-борбор
Алымкадыр Бейшеналиев өлкөдө боор алмаштыруу операциялары качан жасаларын айтты