Пресс-борбор

Министр медиктердин маянасы 50-100 пайызга көтөрүлөрүн билдирди

Национальный центр онкологии в Бишкеке
Саламаттык сактоо министри айлыкты көтөрүү боюнча эсептөөлөр министрлер кабинетине жөнөтүлгөнүн айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Жакынкы айларда бийлик бардык категориядагы дарыгерлердин маянасын 50-100 пайызга көтөрөт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборундагы брифингде билдирди.
Анын айтымында, учурда орточо айлыктар төмөндөгүдөй:
медайымдардыкы — 17 миң сом;
дарыгерлердики — 24 миң сом;
участкалык дарыгерлердики — 35 миң сом.
Мындан тышкары, аймактардагы 500 жаш адистин маянасына 12-15 миң сомдон, квартал сайын 66 миң сомдон дарыгердин депозити кошулат.
Министр президент Садыр Жапаров 1-июлдан баштап аймактардагы педиатр, неонатолог, хирург, анестезиолог жана реаниматологдорго ай сайын 20 миң сомдон кошумча төлөм киргизилерин айтканын эске салды. Айлык акыны жогорулатуу боюнча эсептөөлөр министрлер кабинетине жөнөтүлгөнү белгиленди.
Брифинг главы Минздрава о новшествах в системе здравоохранения
"Жакында дарыгерлердин, медайымдардын жана кенже медициналык кызматкерлердин айлык акысы жогорулайт. Бардык категориядагы медкызматкерлер үчүн 50 пайыздан 100 пайызга чейин көтөрүлөт", — деп кошумчалады министр.
Хирургдар операция учурунда. Архив
Пресс-борбор
Көп ата-энелердин трагедиясы. Министр Бейшеналиев эки жаңылык айтты