Максат Асаналиев Кыргызстандын башкы прокурору болуп дайындалды

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Максат Асаналиев Кыргызстандын башкы прокурору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Бүгүн Асаналиевдин башкы прокурорлукка талапкерлигин Жогорку Кеңеш бир добуштан колдоп берген. Эске салсак, 3-июнда башкы прокурор Курманкул Зулушев өз ыктыяры менен отставкага кетип, кийин анын арызын парламент жактырган.
Максат Асаналиевди бул кызматка Садыр Жапаров сунуштап, макулдук алуу үчүн парламентке киргизген. Асаналиев 46 жашта, ысык-көлдүк. Буга чейин Ош облусунун башкы прокурору болуп иштеген.
Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу алмашты