Шевцов: Кыргызстан КМШда орус тилинде окуткан мектептердин саны боюнча алдыда

Ал Кыргызстанда дагы бир нече орус тилдүү мектеп куруларын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен орус тилинде окуткан мектептердин саны боюнча алдыңкы орунда. Бул тууралуу Россотрудничествонун жетекчисинин орун басары Павел Шевцов Sputnik агенттигиндеги маегинде билдирди.
Ал Кыргызстанда дагы бир нече орус тилдүү мектептер куруларын айтып, Россотрудничество чет өлкөлөрдөгү орус тилдүү мектептерди усулдук жана окуу адабияттары менен камсыз кылууга аракет кылып жатканын белгиледи.
Шевцов өткөн жылы Бишкекте форум өтүп, ага орус тилдүү мектептердин 365 директору катышканын эске салды.
"Биз Россиядагы окутуу тенденциялары тууралуу абдан кызыктуу маек курдук. Россиядагы мектептердин бир нече директорун өзүбүз менен кошо ала келдик. Алар өлкөдө кандай өзгөрүүлөр болуп жатканын, пайдалуу ыкмаларды Кыргызстандын мектептеринде кантип колдонсо болорун айтып беришет. Бул иш-чарага Кыргызстандын аймактарынан келген мектеп директорлорунун чоң кызыгуусун байкадык", — деген ал.
Нарын шаарында Россия кура турган мектеп үчүн үч гектар жер бөлүнөт