Бишкекте курулуш компаниянын жери, салынып жаткан үйлөрү мамлекетке өттү

Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Бишкекте курулуш компаниясы мыйзам бузганы аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, "Р.С.М." ЖЧКсы Бишкек мэриясынан турак жай комплексин куруу үчүн 49 жылга 0,54 гектар жер тилкесин ижарага алган.
1 / 2

Бишкекте курулуш компаниясы мыйзам бузганы аныкталды

2 / 2

Маалыматка ылайык, "Р.С.М." ЖЧКсы Бишкек мэриясынан турак жай комплексин куруу үчүн 49 жылга 0,54 гектар жер тилкесин ижарага алган

"Компания жетиштүү каражатка ээ болбой туруп, подрядчы компания менен келишим түзгөн. Кийин керектүү каражат алуу үчүн курулуп жаткан батирлерди келишим менен 100дөн ашык үлүшчүгө саткан. Жер тилкенин наркы 132 миллион 170 миң сомду түзгөн. Андан соң жер тилкенин ээси "Р.С.М." ЖЧКсы подрядчы компания менен келишимди себепсиз бузган. Буга байланыштуу подрядчы компания турак үйлөрдүн курулушун бүтүрбөй, үлүшчүлөр алдындагы милдеттерин толук аткара алган эмес. Жыйынтыгында сот жер тилкени мамлекетке кайтарган", — деп айтылат маалыматта.
Эми подрядчы компанияга үлүшчүлөрдүн алдындагы милдеттенмелерин аткарышы үчүн шарт түзүлүп берилгени белгиленди. Анткени ал жер тилкени мамлекеттен түз алып, курулушту бүтүрө алары кошумчаланды.
УКМК: Бишкекте 1 млрд. сомго бааланган жер мамлекетке кайтарылды