Индиянын премьер-министри Нарендра Моди отставкага кетти

Моди жана өкмөт жаңы министрлер кабинети кызматка киришкенге чейин ишин улайт.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Индиянын премьер-министри Нарендра Моди шаршемби күнү Индиянын президенти Драупади Мурму менен жолугуп, кызматтан кетүү тууралуу арызын жазды. Бул тууралуу РИА Новости президенттин катчылыгына таянуу менен билдирди.
"Премьер-министр Нарендра Моди бүгүн президент менен жолугуп, кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. Өлкө башчы отставканы кабыл алып, Нарендра Моди менен министрлер кабинетинен жаңы өкмөт кызматына киришкенге чейин ишин улантууну суранды", — деп айтылат маалыматта.
Белгиленген тартипке ылайык, парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча Индиянын премьер-министри жана министрлер кабинети отставкага кетиши керек, бирок жаңы өкмөт түзүлгөнгө чейин кызматын аткарышы зарыл.
Индияда өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыгында Модинин "Бхаратия жаната" партиясы парламенттеги 240 орунга ээ болду, бул өкмөттү түзүү үчүн талап кылынган 543 добуштун ичинен 272 добуштун жөнөкөй көпчүлүгүнөн 32ге аз.
Ошол эле учурда Модинин партиясы жетектеген Улуттук демократиялык альянска кирген партиялардын добуштарын эске алуу менен саясий бирикме парламентте 292 орунга ээ болду. Бул ага жаңы өкмөттү түзүүгө мүмкүндүк берет.
Кытай менен ЕАЭБ кайсы тармактарда кызматташарын министр айтып берди