Жумуш издеп жатасызбы? Эмгек министрлигинин ишеним телефону иштей баштады

Жумуш тууралуу сүйлөшүү үчүн иш күндөрү 09:00дөн 18:00гө чейин 1899 номерине чалсаңыздар болот.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 1899 номерлүү ишеним телефону иштей баштады.
Ведомствонун маалымат кызматы билдиргендей, ал аркылуу бош жумуш орундар боюнча маалымат алып, кеңеш сураса болот.
"Тажрыйбалуу адистер сизге кесиптик билимди же квалификацияны кайдан жогорулатса болорун айтып беришет", — деп жазылат кабарда.
Эмгек министрлигинен көбүнчө айдоочу, тигүүчү, ашпозчу, эсепчи жана курулуш адиси болуп иштөөнү сурангандар көп экени айтылган.
Жумуш тууралуу сүйлөшүү үчүн иш күндөрү 09:00дөн 18:00гө чейин 1899 номерине чалсаңыздар болот.
Буга чейин Садыр Жапаров иш таппай жүргөндөрдү 20-30 миң айлыгы бар жумушка чакырган.
Байсалов сырттагы мигранттардын саны дээрлик 300 миңге кыскарганын айтты