Үрөй учурган ирмем. Бишкек — "Манас" аэропорту жолундагы автокырсыктын видеосу

Sputnik
БИШКЕК, 5-июн — Sputnik. Бишкек —"Манас" аэропортунун трассасында автокырсык болгондугун Чүй облусунун жол милициясынан кабарлашты.
Каргаша 3-июнда саат 17:00дөр чамасында болгон. Маалыматта ЗИЛдин айдоочусу рулга ээ боло албай каршы тилкеге чыгып, Volkswagen Golf үлгүсүндөгү автокөлүктү сүзгөнү айтылды. Жеңил машинанын айдоочусу ошол жерден жан берген, ал эми жанында отурган жүргүнчү ооруканага жеткирилген.
Бир адамдын өмүрүнө забын болуп, из жашырып кеткен айдоочу кармалды