Беларусь ШКУга июль айында мүчө болуп кирет

ШКУ 20 жылдан ашык убакыт ичинде эң ири ар тараптуу эл аралык уюмга айланганы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) июль айында Астанада өтө турган саммитинде Беларусь толук кандуу мүчөсү болуп кирет. Бул тууралуу уюмдун башкы катчысы Чжан Мин билдиргенин РИА Новости жазды.
5-июнда Ташкентте ШКУнун эксперттик форумунун 19-жыйыны ачылды. Ага уюмдун ишмердүүлүгүнө катышкан 10 өлкөнүн улуттук изилдөө борборлорунун 40тан ашык өкүлдөрү катышууда.

"Уюмдун Астанада өтө турган саммитинде Беларустун ШКУга кошулуусу боюнча чечим кабыл алынат", — деди Чжан Мин форумдун ачылышында.

Анын айтымында, ШКУ 20 жылдан ашык убакыт ичинде эң ири ар тараптуу эл аралык уюмга айланды.
"ШКУ саясат, дипломатия, тынчтык, өнүгүү, коопсуздук сыяктуу жогорку деңгээлдеги милдеттерге гана эмес, туризм, спорт, таштандыларды чыгаруу сыяктуу элге жакын темаларга да көңүл бурат", — деди Чжан Мин.
ШКУ — 2001-жылы негизделген эл аралык уюм. Ага Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Пакистан жана Өзбекстан кирет. Байкоочу өлкөлөр: Афганстан, Беларусь жана Монголия. Өнөктөш өлкөлөр: Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, БАЭ, Түркия, Шри-Ланка, Кувейт, Мальдив аралдары, Мьянма, БАЭ жана Бахрейн. 2023-жылы июлда Нью-Делиде өткөн ШКУнун саммитинде Иран уюмга толук кандуу мүчө болгон. Ал жерде Беларусь уюмга мүчө-мамлекет статусун алуу үчүн милдеттенмелер боюнча меморандумга кол койгон.
ТИМ башчысы Кулубаев: ШКУ узак мөөнөттүү стратегияга муктаж