Байден Мексиканын чек арасынан мыйзамсыз өткөндөргө баш паана берүүгө тыюу салат

Ак үйдөн улуттук жана коомдук коопсуздукка коркунуч келтирген мигранттардан "болушунча эртерээк" арылуу башталарын айтышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. АКШнын президенти Жозеф Байден Мексиканын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп алардын аймагына кирген мигранттардын саясий баш паанек алуусуна тыюу салат. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Президент Байден чек арабыздагы коопсуздукту камсыздаш керек деп эсептейт. Андыктан бүгүн баш паанек алуу үчүн түштүк чек арабыздан мыйзамсыз кирген мигранттарга карата тыюу салган кошумча чараларды жарыялады", — деп айтылган Ак үйдүн маалыматында.
Тиешелүү кадамдар мыйзамсыз киргендердин саны белгиленген лимиттен өтүп кеткенден кийин жасалары айтылган. Ак үйдөн учурда да ушундай кырдаал түзүлгөнүн белгилешкен. Мындан сырткары, АКШ бийлиги мыйзамдуу негиздери жок мигранттарды өлкөдөн чыгарууну тездетүү үчүн баш паанек берүү иштерин тез арада карай баштаганы кабарланган.
"Бул процесстин жардамы менен Юстиция министрлиги иштерди тезирээк карап чыгууга, ал эми Ички коопсуздук министрлиги Америка Кошмо Штаттарында калууга мыйзамдуу негиздери жокторду тезирээк чыгарып салууга мүмкүнчүлүк алат", — деп айтылат Ак үй тараткан билдирүүдө.
Эки ведомство тең иштерди аялдабай кароону баштаганы белгиленген. Ак үйдөн улуттук жана коомдук коопсуздукка коркунуч келтирген мигранттардан "болушунча эртерээк" арылуу башталарын да кошумчалашкан.
ЖМК: АКШ-Мексиканын чек арасындагы борборлор мигранттарга болуп көрбөгөндөй толду