Ысык-Көлдө кубаттуулугу 7,5 мегаваттык Барскоон кичи ГЭСи курулат

Ысык-Көлдө Барскоон кичи ГЭСинин курулушу 15 адамды иш менен камсыздайт.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Жети-Өгүздүн Барскоон капчыгайында кичи ГЭСтин курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган ГЭСтин кубаттуулугу 7,5 мегаватты, баасы 706 миллион сомду түзөт. Курулуш 15 адамды иш менен камсыздаары пландалууда.
"Жабдуулар Австриядан алып келинет. Долбоордун алкагында узундугу беш чакырымдык канал жана аянты 300 чарчы метрлик имарат курулат. Кубаттуулугу бир жылда 38 миллион киловатт-саатты түзөт. Бул 1 500 үйдү электр энергиясы менен камсыздоого жетет. Чакан ГЭСти ишке киргизүү 2025-жылдын сентябрына пландалган", — деп жазылган маалыматта.
Жалпысынан облуста кайра жаралуучу булактардан энергия алуучу станцияларды куруу үчүн 31 жер тилкеси бөлүнгөнү кошумчаланды.
Жыл соңуна чейин Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна даярдык жыйынтыкталат