Пресс-борбор

Алымкадыр Бейшеналиев өлкөдө боор алмаштыруу операциялары качан жасаларын айтты

Гепатологдор, хирургдар, инфекционисттер, медайымдар — жалпы 75 медик Түркияда даярдыктан өткөнү белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Кыргызстанда боор алмаштыруу боюнча алгачкы операциялар 10-11-июнда жасалары пландалууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборундагы брифингде билдирди.
Ал Түркиянын Малатья шаарында гепатологдор, хирургдар, инфекционисттер, медайымдар, жалпы 75 медик даярдыктан өткөнүн эске салды. Анын айтымында, учурда Кыргыз-түрк "Достук" клиникасында төрт бейтап боорду алмаштырууга даярдалууда. Түрк адистери менен консультация жүргүзүлүп, алардын макулдугу алынды.
"Бүгүн кечинде Түркиядан адистердин тобу учуп келип, клиниканын жана адистердин даярдыгы менен таанышат. Негизги курам — профессорлор 9-июнда келишет. 10-11-июнда боор алмаштыруу боюнча алгачкы операцияларды жасоо пландалууда. Жабдыктар жана дары-дармектер бар", — деди министр.
Радио
Кыргызстандыктар дарыланууга көбүнесе Түркия, Россия, Индияга барышат