Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШ Украинага аскерлерди, адистерди жөнөтпөстүгүн айтып жатат

Салливан Украинага жөнөтүлгөн америкалык курал Киев үчүн ийгиликсиз болуп жаткан согуштагы кырдаалды өзгөртө тургандыгын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. АКШ Украинага жоокерлерди, кеңешчилерди же инструкторлорду жөнөтпөйт. Бул туурасында Америка лидеринин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан айтканын РИА Новости билдирди.
"Биз жоокерлерди, аскердик кеңешчилерди же инструкторлорду украиналыктарды окутуу үчүн ал жакка жибербейбиз", — деген ал.
Муну менен бирге эле Салливан Украинага жөнөтүлгөн америкалык курал Киев үчүн ийгиликсиз болуп жаткан согуштагы кырдаалды өзгөртө тургандыгын айткан. Ал АКШнын жардамын жөнөтүү кечиктирилгендиктен Украина аргасыз абалда калган.
Президенттин кеңешчиси Вашингтон "алардын (Украина армиясы — ред.) бул кырдаалдын чыгып кетерине" жана акыр-аягы коргонуусун да бекемдеп албастан чабуулга өтөрүнө ишенерин билдирген.
Батышта соңку учурларда алардын Украинадагы согушка түз кийлигишүүсү кызуу талкууланууда. Макрон буга чейин эгерде РФ фронттун чектерин жарып өтсө жана Украина суранса, Киевге аскерлерди жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн четке какпай турганын билдирген. Анын айтымында, көп өлкөлөр Франциянын мындай кадамына кошулган. Анткен менен май айынын башында анын сөзүн НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг четке каккан. Анын айтымында, альянстын Украинага аскер жөнөтүүгө ниети жок, Киев да муну суранган эмес.
Corriere della Sera басылмасы НАТО июлдагы саммитинде Украинадагы согушка тикелей кийлигишүүдөн баш тартуу жазылган декларацияны бекитиши мүмкүн. Ал документтин долбоорундагы маанилүү фраза — "башка жерлерди аскерлердин буту баспашы керек".
Батыштагы саясатчылардын Россия боюнча согуштук билдирүүлөрүнөн улам президент Владимир Путиндин тапшырмасы менен Түштүк аскер округунда ракеталар пайдаланылган машыгуулар башталды. Анда стратегиялык эмес өзөктүк куралдарды колдонуууга жатыгып жатышат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Венгриянын ТИМи: НАТОнун аскерлерин Украинага жөнөтүүгө жол берилбеши керек