ФБР жетекчиси: АКШда "Крокустагы" окуяга окшош чабуул жасалышы мүмкүн

Кристофер Рэйдин айтымында, координацияланган кол салуу ыктымалдыгы кооптондурууда.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Москванын четиндеги "Крокус сити холлдо" болгон теракт сыяктуу окуя АКШда да кайталанышы мүмкүн болуп жатканы кооптондурат. РИА Новости маалымдагандай, бул тууралуу АКШнын Федералдык иликтөө бюросунун башчысы Кристофер Рэй Конгресс сенатынын каржылоо боюнча комитетинин отурумунда билдирди.
Анын айтымында, 7-октябрга чейин эле АКШда зордук-зомбулук коркунучу күчөгөн жана өлкөнүн бийлиги чет элдик террордук уюмдар америкалыктарга каршы чабуулдарды жасоого чакырып жатканын көрүшкөн.
"Учурда биздин аймакта координацияланган кол салуу ыктымалдыгы кооптондурууда, бул март айында Россиянын концерттик залында болгон Ислам мамлекети террордук уюмунун* чабуулунан анча деле айырмаланбашы мүмкүн", — деди Рэй.
Москванын четиндеги концерттик залдагы теракт 22-мартта болгон. Кол салгандар имараттагы адамдарга автоматтан ок чыгарып, залды өрттөп салышкан. Бул иш боюнча 145 адам каза болуп, 12 адам кылмышка айыпталууда.
Президент Владимир Путин Россия кылдаттык менен пландалган террордук чабуулга гана эмес, жай тургундарды атайылап массалык өлтүрүүгө туш болгонун белгилеген. Өлкө башчы бул кылмыштын бардык күнөөкөрлөрү, уюштуруучулары жана буйрутма бергендер адилеттүү жана сөзсүз жазага тартыларын айткан.
* Кыргызстанда, Россияда жана башка өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюм
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
ФСБ жетекчиси: Украина чалгын кызматынын "Крокустагы" терактыга тиешеси бар