Адис акча топтоого жолтоо болгон каталарды санады

Финансист эгерде адам бир максатты коюп, ага жетүүнүн убактысын белгилеп албаса керектүү каражатты топтоо оор болорун айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Эмне үчүн айлыгы көп адамдар деле акча топтой алышпайт? Керектүү сумманы чогултууда аларга кандай катачылыктар жолтоо болот? Бул суроолорго Россиянын Финансы министрлигинин "Моифинансы.рф" долбоорунун жетекчиси Михаил Сергейчик Sputnik радиосуна курган маегинде жооп берген.
Адистин айтымында, адамдын акча топтой алуусу дайыма эле анын тапкан акчасына байланыштуу боло бербейт. Каражаттын чогулбашына акча коротуудагы эмоцияларга азгырылуу, адамдын атайын бир системага түшпөгөндүгү, өзүнүн бюджетин башамалан пайдалангандыгы жана аныкталган бир максатынын жоктугу себеп болот.
"Бир максатты коюп, ага жетүүнүн убактысын белгилеп албаса керектүү каражатты топтоо оор. Ага чейин бардык чыгымдарды эске алуу менен кирешени бөлүштүрүүнү пландап чыгуу зарыл", – деген Сергейчик.
Ошондой эле айлыктан ашса чогултам деген ой да керектүү суммага жетүүгө тоскоолдук кыларын белгилеген.
"Топтой турган сумманы сөзсүз түрдө төлөй турган акча катары эсептеш керек, олуттуу мамиле жасоо кажет. Акча колго тиер замат чогулта турган сумманы алып коюу жеңилирээк болот. Кээде муну мобилдик банктардын кызматтарынын жардамы менен жасаса болот", – деген адис.
Ал маянасы аздар да акча топтош керектигин белгилеген.
"Аз айлык алгандар да акча топтошу керек. Бул бара-бара адатка айланат. Мындан тышкары, жыйынтыкты көргөн соң керексиз чыгымдарды оптималдаштырууга жардам берет. Башкысы, бюджетиңиз артка кетип калбагандай, өзүңүзгө ылайыктуу сумманы белгилеп алыңыз. Ошол эле учурда ден соолук, тамак-аш, билим алуу жана башка жашоого зарыл болгон нерселерден үнөмдөөгө болбойт. Кубаныч тартуулаган зарылдыктардын баарын токтотуп койгондо адам бат эле чарчап калат. Рахаттанууга да өзүнчө каражат бөлүп койгон оң", – деген финансист.
Улуттук банк кыргызстандыктарга акча топтоонун 8 эрежесин сунуштады