Жок болуп кеткен курал-жарактардын сүрөтүн көрүп жасаган уста. Заманбап өнөрканалуу болуу кыялым бар

Sputnik
Ышкырган жаа, тарыхый айбалта, найза, калкан, канжар, бычак. Мунун барын бир гана киши жасайт. Халил Момунов өзүнүн уникалдуу талантын өзгөчө деп деле баалабайт. Болгону көңүлүнө түшүп калганда күнбү-түнбү кагазга түшүрүп калмай адаты бар. Оюна келген куралды ала калып эле каалагандай жасап кирбейт. Автор өз эмгектерин тарыхтагы нукура куралдардан айырмасы жок кылып чыгарууга адалаттанат. Ал үчүн илимпоз, окмуштуулар менен маектешип, алардын илимий маалыматтарын окуп терең казып изилдегенден тажабайт. Максаты учурга жетпей калган, элестери сүрөттө гана сакталып келаткан тарыхый курал-жарактарды калыбына келтирүү.
Колунан көөрү төгүлгөн уста менен биз “Кеменгер” программасында маектештик.