БАДдардын адам ден соолугуна тийгизген таасири. Абалды ким көзөмөлдөйт?

Sputnik
Акыркы учурда биоактивдүү кошулмалар ар кандай маркетингдерде сатылып, пирамида түрүндө иш алып барган компаниялар да кардарларына ар түрдүү БАКтарды сунуштап келишет. Алардын арасында сапаты талапка жооп бербегендери да бар экен айтылууда. Эл жакшы изилденбеген, сертификациядан өтпөй, мыйзамсыз алып келинген витаминдерди ичип жатканын айтып, калктын ден соолугуна кабатыр болгон депутаттар да болууда. Негизинен биоактивдүү кошулмалардын адамдын ден соолугуна тийгизген таасири кандай? Кимдер ичүүгө болот жана кимдерге зыян? Ушул суроолорго №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун врачы Айгүл Тагаева жооп берет.