Бала-Саруу ГЭСи ишке берилди — Кыргызстанда дагы канча чакан ГЭС курулуп жатат?

Sputnik
Жакында президент Садыр Жапаров Талас облусуна болгон жумуш сапарынын жүрүшүндө Бала-Саруу ГЭСин ишке киргизди. Бала-Саруу ГЭСи Киров суу сактагычында кубаттуулугу 25 мегаватт болгон үч генератору менен курулган. Жылына орточо 92 миллион кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгат. Бул облустун эки районунун 19 миң абонентинин муктаждыгын камсыздайт. Келечекте ушул сыяктуу долбоорлорду “Орто-Токой” жана “Папан” суу сактагычтарында ишке ашыруу иши кандай жүрөт, жаңы инвестициялык долбоорлор, каржылоо, келишимдер тууралуу "Чакан ГЭС" ААКтын башкы директору Нурлан Садыков айтып берди.