Жогорку Кеңештин профилдик комитети башкы прокурордун отставкасына макул болду

Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети Курманкул Зулушевдин башкы прокурорлук кызматтан кетүү тууралуу арызын жактырды.
Эми анын арызы жалпы жыйында каралышы керек.
Кечээ Зулушев өз каалоосу менен кызматтан кетүүнү чечкени белгилүү болду.
Президент бул кызматка прокуратура системасынан талапкерлерди карап жатат.
Свердлов РИИБин Уланбек Аалиев жетектейт. Кезинде пара талап кылды деп айыпталган