Владимир Зеленскийдин ишке ашпаган аракети. РФ ТИМинин билдирүүсү

Тышкы ведомство жетекчисинин орун басары шериктештикке кирген мамлекеттердин жетекчилери Люцерндеги иш-чара тынчтыкка алып келбестигин түшүнүп турарын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Зеленский КМШ өлкөлөрүнүн лидерлерине чалып, Швейцарияда өтчү саммитке катышууну өтүнгөн, бирок алардын эч кимиси буга макул болгон эмес. Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье каналы билдирген.
РФ ТИМ башчысынын орун басары Михаил Галузин ал үчүн Батыштагы "үлкөндөр" пайдаланылганын белгилеген.
Ал Россиянын КМШдагы жакынкы өнөктөштөрү менен достору Швейцариядагы конференциянын максатын, тагыраагы, ал тынчтыкка алып келбей турганын жакшы түшүнөрүн айткан. Галузин иш-чаранын түпкү максаты антироссиялык коалицияны жакшыртып, Россияга өзүнүн шарттарын коюп, Зеленскийдин дүйнөлүк "тынчтык формуласын" бардыгы колдоп жатат дегендей кылып көрсөтүү экенине токтолгон.
Эске салсак, бул туурасында Галузин ТАССка берген интервьюсунда айткан.
Украина боюнча сөз болуп жаткан конференция Швейцарияда 15-16-июнда өтмөкчү. Ага Россия катышпайт. Берн шаарындагы элчиликтин маалымат катчысы Владимир Хохлов Швейцария РФке аталган саммитке катышууга чакыруу жибербегендигин, бирок Москва баары бир катышпай тургандыгын айткан. Ал саммиттин уюштуруучулары тарабынан жайылтылып жаткан тынчтык идеясын Россия кабылдай албай турганын кошумчалаган болчу. Катчынын айтымында, мында Россиянын кызыкчылыгы эске алынбастан "келечеги жок "тынчтык формуласын" жүзөгө ашырууга аракет" тууралуу кеп жүрүүдө.
РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков буга чейин Украина боюнча Россиясыз сүйлөшүүлөрдүн мааниси жок экенин, Швейцарияда өтчү саммитте "тынчтык формуласынын" кайсынысы тууралуу сөз болорун түшүнүү керектигин айткан.
Буга чейинки маалыматтарда Швейцария аталган иш-чарага БУУга мүчө 160 мамлекетти чакырганын, алардын ичинен 50дөн 70ке чейини келерин айтышканы кабарланган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
НАТОнун мурдагы кеңешчиси Зеленскийдин аргасыздык планын ачыктады