Сагинтаев: 10 жыл ичинде ЕАЭБден айыл чарба өндүрүшүнүн экспорту эки эсе өскөн

Сагинтаев биримдиктин өлкөлөрү дүйнөнү азык-түлүк менен камсыздоого ири салым кошуп жатканын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. 10 жыл аралыгында ЕАЭБден агроөндүрүш комплексинин продукцияларынын экспорту эки эсе өстү. Бул тууралуу ЕЭК коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев "Белагро" форумунда билдирди.
Анын айтымында, союз 2014-2023-жылдарда айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн көлөмүн 125,4 пайызга жеткирген.
"ЕАЭБдин негизги азыктар менен өзүн камсыздоосу 93 пайызга жетти. Уюмдун өлкөлөрү продукцияны бири-бирине ташуусу 1,6 пайыз өстү", — деген Сагинтаев.
Ал биримдиктин өлкөлөрү дүйнөнү азык-түлүк менен камсыздоого чоң салым кошуп жатканын айтты. Сагинтаев ошондой эле ЕАЭБде жогорку технологиялык товарларды өндүрүүгө жана айыл чарбага инновацияларды киргизүүгө чакырды.
Буга кооперациялык долбоорлорду ишке ашыруу көмөктөшө аларын белгиледи.
"Биринчи этапта өнөр жай тармагындагы долбоорлорду колдоо пландалууда. Келечекте агроөндүрүш комплексинин долбоорлору кошулат", — деди Сагинтаев.
ЕАЭБдин өзүн азык-түлүк менен камсыз кылуу деңгээли жылдан-жылга өсүүдө