Мишустин: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасы дүйнөлүк орточо өсүү темпинен озду

10 жылдын ичинде ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара сооданын көлөмү дээрлик эки эсеге өскөн.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасы дүйнөлүк орточо өсүү темпинен ашып кеткенин Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында билдирди. Бул тууралуу Sputnik Беларусь жазды.
Иш-чара Беларустун Несвиж шаарында өтүүдө.
"Өткөн жылдын аягында "бешилтиктин" ички дүң продукциясы 2,8 пайызга өсүп, дүйнөлүк орточо өсүш темпинен озгон", — деди РФтин өкмөт башчысы.
Ал белгилегендей, биримдиктин өлкөлөрүндө эмгек акы тынымсыз жогорулап, жумушсуздуктун деңгээли төмөндөп жатат. Анын айтымында, мунун баары татаал тышкы чөйрөнүн, эл аралык мамилелердин жаңы архитектурасынын калыптанышынын жана биринчи кезекте Россия менен Беларуска жасалып жаткан санкциялык басымдын тушунда болууда.
Сагинтаев: 10 жыл ичинде ЕАЭБден айыл чарба өндүрүшүнүн экспорту эки эсе өскөн