Мишустин: ЕАЭБде уникалдуу эл аралык жөнгө салуу системасы калыптанды

Бирдиктүү рыноктогу 85 пайыз продукцияны камтыган 50дөн ашык техникалык регламент бекитилген.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Он жыл ичинде ЕАЭБде уникалдуу эл аралык жөнгө салуу системасы калыптанды, мындай механизмдерге КМШ өлкөлөрүн дагы тартуу зарыл. Бул тууралуу Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кеңейтилген курамдагы жыйынында билдирди.
"10 жыл ичинде ЕАЭБде уникалдуу эл аралык жөнгө салуу системасы калыптанды деп эсептейм. Ал биздин өлкөлөргө алып келинген товарларга бирдиктүү талаптарды коет", — деди Мишустин.
Өкмөт башчынын айтымында, бирдиктүү рыноктогу 85 пайыз продукцияны камтыган 50дөн ашык техникалык регламент бекитилген. Бул калкты сапаттуу жана ишенимдүү товарлар менен камсыздап, өз ара сооданы жөнөкөйлөтүү үчүн маанилүү.
"Мындай механизмдерди өнүктүрүп, аларга экономикалык алакалар жакшы болгон КМШ өлкөлөрүн дагы тартуу керек. Бул натыйжалуу, текшерилген ыкмалар менен өндүрүшчүлөрдүн алдындагы тоскоолдуктарды жоюуга жол ачат", — деди Мишустин.
Ал биримдиктеги жалпы санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык талаптар "бештиктин" аймагында чыгарылган продукциянын эркин айланышынын, калктын саламаттыгын сактоонун кепилдиги болуп саналарын кошумчалады.
Акылбек Жапаров ЕАЭБдин премьерлеринин жыйынында сүйлөдү. Урунттуу учурлары