ЕАЭБ өлкөлөрүнүн премьерлери бир катар документтерге кол коюшту. Тизме

Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Беларустун Несвиж шаарында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.
Тизме Кыргызстандын министрлер кабинетинин сайтына жарыяланган:
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2024-жылдын 2-февралындагы №2 буйругун ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө;
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2023-жылдын 8-июнундагы №3 буйругун ишке ашыруу жөнүндө;
Евразия экономикалык комиссиясынын 2023-жылга карата трансчекаралык рыноктордогу атаандаштыктын абалы жана аларда атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузууга бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө жылдык отчету;
2023-жылы Евразия экономикалык комиссиясынын чечимдеринин долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин баалоого мониторинг жүргүзүү жөнүндө;
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө.
Эске салсак, буга чейин өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында 10дон ашык маселе каралары айтылган. Анын ичинде Евразия өнүктүрүү банкынын инвестициялык ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруу жолу менен ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосунда соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, рыноктордогу атаандаштыктын абалы, анын жалпы эрежелерин бузууга бөгөт коюу жаатында көрүлүп жаткан чаралар, ЕЭКтин өткөн жылдагы отчету сыяктуу маселелер бар.
Мишустин: ЕАЭБде уникалдуу эл аралык жөнгө салуу системасы калыптанды