Кыргызстан беш айда сыртка 100 миңден ашык мал-жандык экспорттоду

Ушул эле аралыкта өлкөгө 8,3 миң баш төрт түлүк мал алып келинген.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Январь-май айларында Кыргызстан чет өлкөлөргө 103,4 миң баш мал-жандык сатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кабарлады.
Мал-жандык экспорту боюнча маалымат:
бодо мал – 55 073 баш;
кой-эчки – 43 954;
жылкы – 4 331.
Ошол эле учурда январдан майга чейин 8,3 миң баш мал өлкөгө кирген.
Мал-жандык импорту боюнча маалымат:
бодо мал – 6 195 баш;
кой-эчки – 200;
жылкы – 1 879.
Мал кайсы мамлекеттерге сатылып, кайсы өлкөдөн алынганы боюнча маалымат берилген эмес.
Белгилей кетсек, былтыр өлкөдөн 33,5 миң төрт түлүк мал экспорттолгон.
Кыргызстанда жүн баалуу продукцияга айланып, Кытайга экспорттоло баштады