Шенген визасы үчүн төлөм 11-июндан тарта кымбаттайт. Баасы

Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Кыргызстанда 11-июндан баштап шенген визасын алуу үчүн консулдук төлөм кымбаттаарын ТИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, эми чоңдор үчүн виза 90 евро (мурда 80 евро болчу), 6 жаштан 12 жашка чейинкилерге 45 евро (мурда 40 евро эле) болот.
Шенген аймагына Болгария менен Румыния жарым-жартылай кошулган.
"2024-жылдын 1-апрелинен тарта Болгария менен Румыния үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарына, анын ичинде кыргызстандыктарга Шенген аймагынын калган өлкөлөрүндө 180 күндүк мөөнөттүн ичинде 90 күнгө чейин жүрүүгө мүмкүндүк берүүчү С тибиндеги (кыска мөөнөттүү) шенген визаларын бере баштады", — деп билдиришти ТИМден.
Министрлик жарандарды чет өлкөгө сапарларды алдын ала пландаштырууну суранган.
Индия менен Кытайдын жарандары Кыргызстанда визасыз 7 күн жүрө алат