Радио

Мамытов: Россия өтө акылдуу экономикалык башкарууда баратат

Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илим-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов Россиянын соода балансы абдан позитивдүү келе жатканын айтты.
Sputnik
Мындан эки жыл мурда Россия акчасынын наркы түшүп, бир доллар 200-300, ал тургай 500 рублге жетет деген пикирлер айтылган. Бирок айрым эксперттердин божомолдору туура келбей, тескерисинче, орус акчасы туруктуулугун кармап турат. Мунун бир нече себеби бар. Мындай пикирин Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып маалымдады.
Анын айтымында, учурда Россиянын соода балансы абдан позитивдүү.
"Кайсы гана валюта болбосун, анын наркынын көтөрүлүп же түшүшүнө таасирин тийгизген негизги төрт фактор бар. Биринчиси, адамдар өздөрү. Алар ар кандай маалыматтарга ишенип алып өтө көп сатып же сатып ала башташат. Экинчиси, акча алмаштыруучу жайлар, банктар, атайын каржы институттары да канчалык бир деңгээлде өз таасирин тийгизип турат. Үчүнчүсү, ар бир мамлекеттин Улуттук банкы чыгарып турган төлөм балансы. Анын ичине соода балансы кирет. Россия мына ушул соода балансында өтө позитивдүү көрсөткүчтөргө ээ. Анткени ал экспорттоочу мамлекет. Төртүнчүсү, ал экспорттук мамлекет болгондуктан валютасы өтө кымбат болбошу керек. Бирок бул жерде биз геосаясатка байланыштуу Россия рублинин чыныгы наркы белгиленбей келе жатканын айта кетишибиз керек. Бигмак индекси (сатып алуудагы теңдикти аныктаган бейрасмий ыкма — ред.) боюнча, 1 АКШ доллары 23 РФ рублине барабар экенин ошол эле The Economist жазып чыкты. Бул жерде рублдин кунун жасалма түрдө түшүрүү дээрлик төрт эсеге чейин жүрүп жатканын көрсөк болот", — деди Мамытов.
Ал Россия өкмөтү өндүрүштү колдоп, акылдуу экономикалык саясат жүргүзүп жатканын кошумчалады.