РКӨФ тигүү фабрикасынын өндүрүшүн кеңейтүүгө 100 миң доллар бөлдү

Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Бишкек шаарындагы тигүү фабрикасына жабдуулары алууга 100 миң доллар бөлдү. Бул тууралуу фонддон билдиришти.
Маалыматка ылайык, компания төртүнчү фабрикасын ишке берүү үчүн кошумча жабдууларды алууда.

"Компания 2021-жылы соодадан өндүрүшкө өткөн. Кийим-кечени Россияга жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө экспорттоо боюнча алдыңкылардын катарында турат", — деп айтылат маалыматта.

2015-жылдан бери РКӨФ жеңил өнөр жай тармагындагы 160 долбоорду 42 миллион долларга каржылаган.
Кеминде кийим тиккен ишкана РКӨФтүн колдоосу менен товарын ЕАЭБге чыгарууда