НАТОнун башкы катчысы РФ коргонуу өнөр жайын тез күчтөндүргөнүнө баа берди

Йенс Столтенберг альянстын өлкөлөрү, тескерисинче, курал-жарак жасоо өндүрүшүн өстүрүү үчүн көп убактысын кетирип алгандыгын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг Россия өзүнүн коргонуу өнөр жайын алда канча тез күчтөндүрүп, бекемдеп, ал эми альянстын өлкөлөрү, тескерисинче, курал-жарак жасоо өндүрүшүн өстүрүү үчүн көп убактысын коротуп алганын белгилеген. Бул туурасында жетекчи Sky News телеканалына берген интервьюсунда айтканын РИА Новости жазды.
"Россиянын биз күткөндөн да алда канча тез убакытта коргонуу өнөр жайын күчтөндүрүп алганы чын. Ал эми НАТОнун союздаштары өзүнүн өнөр жайын (курал-жарак — ред.) өстүрүү үчүн ойлогондон көп убакыт сарптаганы да чындык", — деген Столтенберг.
Буга чейин Defense News Россия армиясынын аскерлерин көп жоготту деп жар салган америкалык жана европалык аскерий аткаминерлер акыркы айларда калыбына келүү процесси алар ойлогондон да тез болуп жатканына макул боло башташкан.
Россиянын Аргентинадагы элчиси Дмитрий Феоктистов дүйшөмбү күнү НАТО Украинаны колдоп, коштоп курал соодасы боюнча дүйнөлүк системага доо кетиргендигин, бул нерсе жалпы тынчтыкка жана коопсуздукка коркунуч жаратышы мүмкүндүгүн белгилеген эле.
Буга чейин Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров Украинаны куралдандыруу максатында жөнөтүлгөн жүктүн кандай гана түрү болбосун Москва үчүн мыйзамдуу бутага алынарын эскерткен. Мындай кадамдарды жасап, НАТО от менен ойноп жаткандыгын кошумчалаган.
Лавровдун айтымында, АКШ менен НАТО согушка түздөн-түз катышкандан тышкары, Улуу Британия, Германия, Италия жана башка өлкөлөрдө кадрларды даярдоо менен да алектенип жатышат. Кремль Батыштын Украинаны куралдандыруусу эки өлкөнүн кепке келүүсүн шарттабай, тескери жыйынтык берерин эскертип келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Столтенберг: Украинага курал жеткирүү үчүн НАТОго саясий эрк керек