Баалуулуктарды кастарлайлы. Муфтият тууну өрттөгөн окуя боюнча үн катты

Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Сузак районундагы желекти өрттөгөн окуя боюнча комментарий берди.
Муфтият жарандарды өлкөнүн мамлекеттик символдорун аздектеп, кадырлоого чакырды.
"Биз эгемен кыргыз эл экендигибизди эч качан унутпайлы. Анткени Кыргызстандын өз алдынча, эгемендүү мамлекет экенин далилдеген негизги белгилери бар. Аларга мамлекеттик туу, герб жана гимн кирет. Дал ушул баалуулуктарыбызды кастарлап жашайлы", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле башкармалык кыргызстандыктарды чагымчылыкка алдырбоого чакырды.
Сузактын Бек-Абад айылындагы эки мектептин үстүндөгү желекти 30-майда белгисиз бирөөлөр өрттөп, ордуна арабчага окшош жазуусу бар ак чүпүрөктү илип кеткен. Ошондой эле желек айыл өкмөттүн имаратына дагы илинген. Окуя боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
"Ала-Тоо" аянтынан Ардак кароол менен желек төрт айга алынды