Бишкектеги 15 маршрутканын каттамы өзгөрдү. Тизме

Бул жолу Чыңгыз Айтматов жана Манас проспектисинен маршруттардын алынганы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Мэрия 15 кичи автобустун каттамы өзгөргөнүн билдирди.
Бул сапар Чыңгыз Айтматов жана Манас проспектисинен маршруттар алынып, ал коомдук транспорттун ишин жакшыртуу жана борбордук көчөлөрдөгү автокыймылды азайтуу максатында жасалууда.
Тизме:
№101 — Бакаев, Айни, Токтоналиев, Жаманбаев, Малдыбаев, Медеров, Токтоналиев, Айни, Бакаев көчөлөрү менен жүрүп, андан ары бекитилген кыймыл менен кетет;
№104 — Абрахманов, Токомбаев, Жукеев-Пудовкин, Сүйөркулов, Каралаев, Ахунбаев, 7-Апрель көчөлөрү аркылуу каттап, андан ары бекитилген кыймыл менен жүрөт;
№106 — Жунусалиев, Айни, Токтоналиев, Жаманбаев, Малдыбаев көчөлөрү жана андан ары бекитилген каттам менен жүрөт;
№118 — Асаналиев, Толстой көчөсү, Жаш Гвардия бульвары жана андан ары бекитилген каттам менен кетет;
№132 — Киев, Логвиненко, Кулатов, Панфилов, Медеров, Абай, Ахунбаев, Жукеев-Пудовкин көчөлөрү жана андан ары бекитилген маршрут менен каттайт;
№148 — Бакаев, Толстой көчөсү, Жаш Гвардия бульвары жана андан ары бекитилген каттам менен жүрөт;
№188 — Асаналиев көчөсү, Кулиев көчөсү, Москва көчөсү, Тоголок Молдо көчөсү жана андан ары бекитилген каттам менен кетет;
№203 — Асаналиев көчөсү, Жаш Гвардия бульвары, Киев көчөсү жана андан ары бекитилген маршрут менен жүрөт.
№204 — Бакаев, Айни, Токтоналиев, Жаманбаев, Малдыбаев көчөлөрү жана андан ары бекитилген кыймыл чийме менен каттайт;
№215 — Бакаев, Айни, Токтоналиев, Жаманбаев, Малдыбаев, Ахунбаев көчөлөрү аркылуу жана андан ары бекитилген маршрут менен кетет;
№266 — Садырбаев, Масалиев, Тыналиев, Асаналиев, Москва, Бейшеналиева көчөлөрү жана андан ары бекитилген каттам менен кетет;
№176 — Киев, Турсбеков көчөсү, Жибек Жолу проспекти, Үмөталиев көчөсү жана андан ары бекитилген маршрут менен кетет;
№200 — Асаналиев, Айни, Токтоналиев, Жаманбаев, Малдыбаев көчөлөрү жана андан ары бекитилген каттам менен кетет;
№265 — Садырбаев, Толстой көчөлөрү, Жаш Гвардия бульвары, Токтогул, Бейшеналиева көчөлөрү жана андан ары бекитилген маршрут менен кетет;
№295 — Садырбаев, Толстой көчөсү, Жаш Гвардия бульвары, Токтогул, Бейшеналиева көчөсү, Токтогул көчөсү жана андан ары бекитилген каттам менен кетет.
Бишкекте экспресс каттамдарды ачуу пландалууда. Тарифтер кандай болот?